1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Маалыматтык технологиялардын инновациялык тиркемелерин билим берүүдө, күнүмдүк сабактарда колдонуу

LearningApps онлайн билим берүү платформасын сабак өтүүдө колдонуу

Ачык эшиктер күнүнүн алкагында мастер-класс өтүлдү

23.03.2026 ж  Педагогикалык колледжде өткөрүлүп жаткан Ачык эшиктер күнүнүн алкагында ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Арзыматова Ч. тарабынан мазмундуу жана жогорку деңгээлде мастер-класс өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучу заманбап маалыматтык технологияларды билим берүү процессинде натыйжалуу пайдалануу боюнча өзүнүн иш тажрыйбасы менен кеңири бөлүшүп, өзгөчө LearningApps онлайн платформасын колдонуу ыкмаларына токтолду. Практикалык бөлүгүндө катышуучулар интерактивдүү тапшырмаларды түзүү, аларды сабакта колдонуу жана студенттердин билим деңгээлин жогорулатууда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Мастер-класс жандуу жана активдүү форматта өтүп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды. Суроо-жооп, пикир алмашуу бөлүктөрү иш-чаранын мазмунун дагы да байытып, ар бир катышуучу үчүн пайдалуу тажрыйба болду.

Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө, инновациялык ыкмаларды жайылтууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.