1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

"Тажрыйба алмашуу аркылуу сапаттуу билим берүүгө кадам”

2026-жылдын 19-мартында билим берүү  кызматын көрсөтүү боюнча  академиялык мобилдүүлүгүн  ишке ашыруу максатында   Абдуллаева Гулчехра Хайбатуллаевна  , Исираилова Нускайым Абдыганыевна , Маккамбай кызы Райкан , Ордобекова Нурия Каныбековна , Торобекова Миргул Курманбековна , Эрматова Бермет Байкозиевна Заманбап Эл аралык Университетинин  колледжинин  барышты.

 “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин  студенттерине практикалык сабактарды өткөрүштү.  Практикалык сабактар Педагогика, Балдар адабияты көркөм окуу менен,Эне тили жана аны окутуу усулу,Класс жетекчинин ишмердүүлүгүнүн методикалык негиздери, Математиканын башталгыч курсунун негиздери жана аны окутуу усулу,Психология дисциплиналарынан өтүлдү.Сабак студенттердин  практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Практикалык сабактар  интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүк үчүн маанилүү билимдерге ээ болушту.

Мындай иш-чаралар жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, билим берүү сапатын жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.