1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Мамлекеттик практикага жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү

Педагогикалык колледжде мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Ага Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С.Жолдошалиева, БКО жана КТ ПЦКсынын окутуучулары, ошондой эле БКМб-2-23, БКМк-01-03-04-05-24, БКМк-2-3-4-5-6-7-23 тайпаларынын студенттери катышышты. Конференциянын максаты – студенттерди мамлекеттик практикага уюшкандыкта жөнөтүү, практика учурундагы милдеттер менен тааныштыруу жана алардын педагогикалык ишмердүүлүккө даярдыгын жогорулатуу болду.

Конференцияны практика жетекчиси Арзыматова В.М. ачып, өндүрүштүк практика жетекчиси Кудукбаева Э.Э. мамлекеттик практиканын максаты жана мааниси тууралуу маалымат берди. Андан соң практика жетекчилери сабак иштелмесинин структурасы жана башталгыч класстарда сабакты уюштуруу боюнча методикалык сунуштарды беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер математика, кыргыз тили жана адабий окуу, мекен таануу, музыка, сүрөт, дене тарбия сабактары боюнча 5Е модели негизинде даярдалган иштелмелерин презентациялашты. Ар бир презентация талкууланып, тиешелүү сунуштар айтылды.

Ошондой эле мамлекеттик практика боюнча «Жол картасы» тааныштырылып, сабак өткөрүү, тарбиялык иштерге катышуу жана отчеттук документтерди даярдоо багыттары түшүндүрүлдү.

Конференция жыйынтыктоо, пикир алмашуу жана практикага ийгилик каалоо менен аяктады. Иш-чара студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түздү.