1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Педагогикалык колледжде Башталгыч класстарда окутуу адистигинде мамлекеттик практиканын жол картасына өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу өттү

Педагогикалык колледжде «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин мамлекеттик практикасындагы жол картасына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында  талкуу өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында 5E (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) жана 3E (Experience, Explore, Express) окутуу моделдерине негизделген заманбап методикалык ыкмаларды колдонуу боюнча пикир алмашуу жүрдү.Талкуунун жүрүшүндө практикалык даярдыктын мазмунун жаңылоо, студенттердин компетенцияларын өнүктүрүү, мектеп практикасынын        натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштар берилди.Жыйындын жыйынтыгында жаңыланган жол картаны 5E жана 3E моделдеринин элементтерин интеграциялоо менен толуктоо боюнча чечим кабыл алынды. Бул өзгөртүү билим берүүнүн сапатын жогорулатып, студенттердин педагогикалык даярдыгын күчөтүүгө багытталат.