1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

 «Мугалимдин этикасы — коомдун күзгүсү»

2026-жылдын 17-мартында Педагогикалык колледжинин Жалпы билим берүү (ЖББ) ПЦКсынын Кыргыз тили секциясы тарабынан уюштурулган «Мугалимдин этикасы — коомдун күзгүсү» аттуу дебат-дискуссия болуп өттү.

Иш-чаранын башкы максаты — педагогдордун статусун, кесиптик жоопкерчилигин, этикалык нормаларын жана коомдогу ордун талкуулоо.

Дебаттын жүрүшүндө:

Мугалимдин жүрүм-туруму жана имиджи;

Студенттер менен баарлашуудагы маданият;

Азыркы коомдогу мугалимдин кадыр-баркы сыяктуу маанилүү маселелер көтөрүлдү.

Талкуу абдан кызуу өтүп, катышуучулар өз аргументтерин ишенимдүү коргой алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн жана мыкты сунуштарды айткан катышуучуларга ардак грамоталар менен сыйланды.