1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

26

Педагогикалык колледжде «Математиканын баштапкы курсунун негиздери жана математиканы окутуунун усулу» предмети боюнча 3-курстун БКМк-3-23, БКМк-5-23, БКМк-6-23 тайпаларынын студенттери үчүн мамлекеттик педагогикалык практиканын алдында имитациялык сабактар өткөрүлдү

Имитациялык сабактын негизги максаты – студенттерди мектептеги реалдуу окуу процессине методикалык жактан даярдоо жана башталгыч класстарда математика сабагын уюштуруунун практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу болду. Сабактын жүрүшүндө студенттер математика сабагын пландаштыруу, сабактын максатын жана күтүлүүчү натыйжаларын аныктоо, окутуунун натыйжалуу ыкмаларын колдонуу, ошондой эле дидактикалык материалдар менен иштөө боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Имитациялык сабак студенттерге болочок мугалим катары өздөрүнүн педагогикалык жана методикалык даярдыгын текшерүүгө, сабак өтүүнүн этаптарын практикалык түрдө колдонууга жана мамлекеттик практика алдында маанилүү тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түздү.

Сабакты окутуучу Маткасымова Адина алып барды.