1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Тажрыйба алмашуу — кесипкөйлүккө кадам

2026-жылдын 13-мартында академик Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун  Педагогика жана тил илимдер кафедрасынын доценти Калбердиева Майрам Кубатбековна студенттери менен   академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба алмашуу  максатында “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 2- курсунун студенттерине   Психология дисциплинасынан көрсөтмөлүү практикалык сабак өттү.

 М.К. Калбердиева  “Балдардагы психологиялык майда моториканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү” , ал эми  Академик Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун  Педагогика жана тил илимдер кафедрасынын келген студенттери  Педагогикалык колледжинин “ Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили” ПЦКсынын окутуучусу  Жолдошова Мавлюдахан Кадыралиевнанын  Көркөм сүрөттү жана технологияны окутуу усулу  сабагына катышышты. Анда алар “Бүктөө жолу менен буюмдарды жасоо”  темасында  практикалык сабак өтүштү. Сабак учурунда заманбап педагогикалык технологиялар, окутуунун жаңы усулдары  натыйжалуу пайдаланылды. Кесиптештер менен биргеликте болочок педагогдорду даярдоонун сапатын жогорулатуу багытында пикир алышты.

Ошондой эле, мобилдүүлүк программасынын алкагында кесиптештердин иш тажрыйбасы, окуу программаларынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул иш сапар эки окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга чоң өбөлгө түзөт