1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

2026-жылдын  9-март куну МЧББ адистигинин  2-курстарынын студенттеринин  окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Студенттер мектептерге өз убагында жайгаштырылды жана окуу  практикасын жоопкерчиликтүү өтөп келишти.    Студенттер практика учурундагы жетишкендиктери, үйрөнгөн ар кандай окутуунун жаны методдору, бала бакчада  аткарган иштери менен бирге иш жүзүнө ашыра албай калган кемчиликтери тууралуу айтып беришти.    

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурундагы жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзгөчө төмөнкү багыттарга басым жасалды

Заманбап методдор: Окутуунун жаңы интерактивдүү методдорун, оюн технологияларын жана көрсөтмөлүү куралдарды натыйжалуу колдонууну үйрөнүштү.

Уюштуруу иштери: Бала бакчадагы күнүмдүк режимди уюштуруу, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша өнүктүрүүчү оюндарды өткөрүү боюнча тажрыйба топтошту.

Студенттер өз отчетторунда аткарган иштери менен бирге, айрым кыйынчылыктарды да ачык айтып беришти.