1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Мобилдүүлүк МЧББ ПЦКсында

Ош ТУнун академик Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун өкүлдөрү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинин мектепке чейинки билим берүүадистигинде академиялык мобилдүүлүк алкагында иш сапары менен келишти. Бул иш сапардын негизги максаты эки  окуу жайдын ортосундагы илимий-билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу болду.

Иш сапардын жүрүшүндө эки тарап академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташтык келишимин түзүп, келечекте биргелешкен илимий-методикалык иш-чараларды өткөрүү, окутуучулардын метод алмашуу жана билим берүү программаларын өркүндөтүү боюнча макулдашууга жетишти.

Аталган иш-чарага Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунан ага окутуучу Матиеева Уултай, ага окутуучу Исманова Гүлзуура жана доцент Калбердиева Майрамкан катышып, педагогикалык багыттагы окутуу тажрыйбалары, инновациялык окутуу ыкмалары жана билим берүү сапатын жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Бул жолугушуу эки окуу жайдын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.