1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Педагогикалык колледжде спорттук майрам

Педагогикалык колледжинин спорттук комплексинде  "Дене тарбия" адистигинин 1-2-3-курстарынын студенттери арасында өтүп жаткан спорттук мелдештин алгачкы күндөрү жыйынтыкталды. Мелдештин максаты студенттерди сергек жашоого үндөө, достукту бекемдөө жана келечектеги кесипкөй спортчуларды аныктоо.

Бул мелдеш жөн гана спорт эмес, бул — келечектеги дене тарбия мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин, командада иштөө жөндөмүн жана темирдей бекем эркин сыноочу аянтча.Мелдеш спорттун 5 түрү боюнча өтүүдө.

Алар: 1.Волейбол

           2. Футбол

          3. Стол тенниси

          4. Алыш күрөшү

          5. Аркан тартыш

Мелдештин алгачкы күндөрү абдан курч мүнөздө өтүп, төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

          1. Стол тенниси: 1-орун Үрүсбеков Нурсейит ДТк-2-23

                                       2-орун Жантороев Билал ДТк-3-24

                                       3-орун Рустамжон уулу Жахонгирмирза ДТк-2-23

           2. Аркан тартыш: 1-орун ДТк-2-23 тайпасы

                                          2-орун ДТк-3-24 тайпасы

                                          3-орун ДТк-3-24 тайпасы   

        3. Алыш күрөшү:  1-орун Жолчиев Мирбек ДТк-2-24

                                       2-орун Нурмаматов Элман ДТк-2-24

                                       3-орун Рустамжон уулу Жахонгирмирза ДТк-2-23

Алдыда дагы спорттун волейбол жана футбол түрлөрү боюнча мелдештер уланат.