1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

64

"Академиялык мобилдүүлүк жана тажрыйба"

2026-жылдын 11-мартында К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттинин Гуманитардык-экономикалык    колледжинин окутуучулары Исманова Нурийла Каныбековна,  Бокиева Умида Холбаевна, Иркеева Эльмира Давлатбаевна,Кетирекеева Анара Сайдиллаевна, Инамова Аширкан Анарбековналар  академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба алмашуу  максатында “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 2-3- курстун студенттерине   көрсөтмөлүү практикалык сабактарды өтүштү.

Сабактын  максаты — студенттердин   окутуунун теориялык негиздери боюнча билимдерин кеңейтүү, заманбап талаптарга ылайык натыйжалуу окутуу ыкмаларын талкуулоо жана аларды иш жүзүндө колдонууну үйрөтүү.

​            Бул күнү төмөнкү дисциплиналардан Психология сабагынан Эльмира Иркеева, “Сезүү жана кабыл алуу” ,Математиканын баштапкы негиздери жана окутуу усулу сабагынан Анара Кетирекеева “Башталгыч класста алгебралык материалдарды окутуунун инновациялык усулдары”  ,Көркөм сүрөттү жана технологияны окутуу усулу  сабагынан Аширкан Инамова “Бүктөө жолу менен буюмдарды жасоо”  темаларында практикалык сабактарды  өтүштү. Сабак учурунда заманбап педагогикалык технологиялар, окутуунун жаңы усулдары жана билим берүүдөгү санариптештирүүнү натыйжалуу колдонду. Кесиптештер менен биргеликте болочок педагогдорду даярдоонун сапатын жогорулатуу багытында пикир алышты.

Ошондой эле, мобилдүүлүк программасынын алкагында кесиптештердин иш тажрыйбасы, окуу программаларынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул иш сапар эки окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.