1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Тайпа лидерлери менен жыйналыш

2026-жылдын 11-мартында Педагогикалык колледжинин МТ,социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Р.Кушбакова жана жаштар комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте 1-2-курстардын старосталары менен жыйналыш болуп өттү.

Старосталар менен чогулуш өткөрүү негизинен маалымат алмашууну жеңилдетип, топтордогу маселелерди чечүүгө жана окуу процессин,тарбия иштерин жакшы уюштурууга жардам берет.Бүгүнкү жыйналышта  окуу жайдын ички тартибине ылайык кечигүүнү колго алуу,кийинүү адеби,түрдүү маданий иш-чараларга активдүү катышууга үндөө болду. Старосталар өз топторундагы маселелерди, сунуштарды жана  көйгөйлөрдү айтып талкуу жүргүзүлдү.Ошондой эле ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу,кураторлор,тайпалар менен кантип иш алып баруу боюнча кеп-кенештер айтылды.