1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

Интерактивдүү окутуу ыкмалары – билим берүүдөгү заманбап багыты.

 Педагогикалык колледжде өтүп жаткан «Ачык эшиктер жумалыгынын» алкагында орус тили окутуучулары тарабынан «Интерактивдүү окутуу ыкмалары» аттуу  иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын  максаты – билим берүү процессинде заманбап окутуу технологияларын колдонуу менен студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын активдүү катышуусун камсыз кылуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар интерактивдүү окутуунун артыкчылыктарын көрсөтүп, сабакта колдонулуучу ар кандай методдорду практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүп беришти. Катышуучулар топтук иштерге катышып, ой бөлүшүп, талкуу жүргүзүү, суроо-жооп аркылуу өз билимдерин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, өз оюн эркин айтууга, бири-бири менен кызматташууга жана билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түзөт. Ошондой эле интерактивдүү ыкмаларды колдонуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү орунду ээлейт.

Ачык эшиктер жумалыгынын алкагында педагогикалык колледжде мындан ары да ар түрдүү мастер-класстар, ачык сабактар жана пайдалуу жолугушуулар өткөрүлүп, билим берүү тармагындагы жаңычыл ыкмалар кеңири тааныштырылмакчы.