1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Педагогикалык колледжде «Маалыматтык технологиялардын инновациялык тиркемелерин жана платформаларын билим берүүдө колдонуу» аттуу мастер-класс өткөрүлдү

Бүгүн 10.03.2026-ж., Педагогикалык колледжде «Маалыматтык технологиялардын инновациялык тиркемелерин жана платформаларын билим берүүдө колдонуу» аттуу мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чара Ачык эшиктер жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ЖББ ПЦКсынын окутуучулары Орункулова Д., Бекишова Б., Арзыматова Ч. тарабынан ийгиликтүү өткөрүлдү.Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучуларга билим берүүдө колдонулган заманбап санариптик технологиялар, инновациялык тиркемелер, онлайн платформалар жана интерактивдүү окутуу ыкмалары тууралуу толук жана практикалык маалыматтар берилди. Окутуучулар сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн жаңы методдор менен таанышып, тажрыйба алмашышты.Иш-чаранын негизги максаты – окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, билим берүү процессинде инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүү жана студенттердин билим сапатын жогорулатууга салым кошуу болуп саналат.Бул мастер-класс окутуучуларга заманбап билим берүү чөйрөсүндө өзүн өнүктүрүүгө жана педагогикалык чеберчилигин жаңы деңгээлге көтөрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү.