1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Педагогикалык колледжинде  жумуш ордунда окутуу

Педагогикалык колледжинин  Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсыны  окутуучусу Галдыбаева В.А.   6-март күнү Педагогикалык колледждин «Мектепке чейинки билим берүү» ПЦКсынын МЧББб-2-23 тайпасынын студенттери  Жала-Абад шаарындагы Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык  мекемесине барышты.

Бул иш-чара «Жумуш ордунда окутуу» программасынын алкагында уюштурулуп, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн арттырууну көздөйт. Сапардын жүрүшүндө студенттер «Коррекциялык педагогика» сабагы боюнча «Таяныч-кыймылы бузулган балдар» темасын терең үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Студенттер мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, өзгөчө муктаждыгы бар балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн жана заманбап реабилитациялык ыкмаларды түздөн-түз жумуш ордунда көрүп келишти. Мындай практикалык сабактар болочоктогу адистердин инклюзивдик билим берүү багытындагы билимдерин бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт