1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

«Тарыхты жараткан улуу аялдар»

Бүгүн педагогикалык колледжде Ачык эшиктер жумалыгынын алкагында ЖББ ПЦКсынын тарых секциясынын окутуучулары тарабынан уюштурулган «Тарыхты жараткан улуу аялдар» аттуу иш-чаранын жыйынтыктоо аземине чогулуп отурабыз.

Бул иш-чаранын негизги максаты — тарыхта өзгөчө ордун ээлеген, коомдун өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу аялдардын өмүр жолу жана эмгеги менен студенттерди тааныштыруу, алардын эрдигин, акылмандыгын жана коомго кошкон салымын терең баалоо болуп саналат.

Тарых барактарында аялдардын орду абдан өзгөчө. Алар билим берүүдө, илимде, маданиятта жана коомдук турмуштун ар кыл тармактарында чоң жетишкендиктерге жетишип, өз заманынын гана эмес, келечек муундардын да өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Ушундай улуу инсандардын өмүрү жана ишмердүүлүгү ар дайым жаштар үчүн үлгү болуп келет.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө студенттер теманы терең изилдеп, чыгармачылык менен даярданып, тарыхта из калтырган улуу аялдардын образын жогорку деңгээлде ачып берүүгө аракет кылышты. Ар бир катышуучу өзүнүн билимин, чыгармачылык жөндөмүн жана жоопкерчилигин көрсөтүп, иш-чаранын мазмундуу, таасирдүү өтүшүнө чоң салым кошту.

Ошондуктан бүгүнкү жыйынтыктоо аземинде өзгөчө чеберчилик жана мыкты даярдык көрсөткөн студенттер дипломдор менен сыйланышат. Бул сыйлык — алардын эмгегине берилген татыктуу баа жана келечектеги ийгиликтерине дем берүүчү, шыктандыруучу белги болуп эсептелет.

Урматтуу студенттер!

Сиздерге окууда, чыгармачылыкта жана келечектеги кесиптик жолуңуздарда чоң ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым билимге умтулуп, өз мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошкон, коомго пайдалуу инсандардан болуп өсө бериңиздер.