1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

Окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу

2026-жылдын 5-мартында билим берүү  кызматын көрсөтүү боюнча  академиялык мобилдүүлүгүн  ишке ашыруу максатында   Педагогикалык колледжинин Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары  Айдарова Нуржамал Акжоловна, Жумабаева Дариякан Сапарбаевна, Исманалиева Бурулкан Мамажунусовна,  Жолдошова Мавлюдахан Кадыралиевна жана  Козубаева Сабира Омурзаковна  К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Гуманитардык- экономикалык колледжине барышты.

Алар  Гуманитардык- экономикалык  колледжинин студенттери менен окутуучуларына конок лекция катары  практикалык сабактарды өткөрүштү. Конок лекциялар педагогика, психология, балдар адабияты көркөм окуу менен, көркөм сүрөттү жана технологияны окутуу усулу жана окутуунун инновациялык технологиялары дисциплиналарынан өтүлдү . Студенттерге заманбап ыкмалардын негизинде  теориялык маалыматтар түшүндүрүлдү. Сабак студенттердин  практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Аталган эки окуу жайдын окутуучулары өз ара  окутуунун жаңы методикалары менен бөлүшүштү. Мындан тышкары, компетенцияларды өнүктүрүү жана дуалдык билим берүүнү киргизүү жолдору талкууланды.

Иш-чара эки тараптуу тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташууну дагы бир жолу бекемдеди.