1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Педагогикалык колледжде «Дене тарбия» адистигинин студенттеринин практикасы жыйынтыкталды

Педагогикалык колледжде «Дене тарбия» адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн уюштурулган окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин мектеп чөйрөсүндө алган алгачкы кесиптик тажрыйбасын талдоо, жетишкендиктер менен кыйынчылыктарды аныктоо жана келечектеги дене тарбия мугалими катары кесиптик рефлексиясын калыптандыруу.

Конференцияны практика жетекчиси Ажыкулов Ж.А. ачып, окуу-таанышуу практикасы болочок спорт педагогдорун даярдоодогу эң маанилүү тепкич экенин белгиледи.

Студенттер практика учурундагы байкоолору боюнча даярдаган баяндамаларын сунушташты. Анда төмөнкү багыттарга өзгөчө басым жасалды:

·         Сабактын түзүлүшү: Дене тарбия сабагынын этаптары (киришүү, даярдоочу, негизги жана жыйынтыктоочу бөлүктөр) жана алардын натыйжалуулугу.

·         Методикалык ыкмалар: Окуучулардын кыймыл-аракет активдүүлүгүн арттыруучу оюндарды жана көнүгүүлөрдү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү.

·         Коопсуздук жана гигиена: Спорт залындагы коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо багытындагы иштер.

·         Тарбиялык иштер: Класс жетекчинин иши, спорттук ийримдерди уюштуруу жана окуучуларды сергек жашоо образына үндөө.

Жыйынтыгында практиканы жакшы өтөп келген студенттер белгиленип баланышты.