1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

«Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин 2-курс студенттеринин окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү

Педагогикалык колледжде окуу-таанышуу практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү

Педагогикалык колледжде «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин 2-курс студенттеринин окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Иш-чаранын максаты – практика учурунда алынган тажрыйбаны талдоо, студенттердин кесиптик жетишкендиктерин жана кыйынчылыктарын аныктоо, ошондой эле келечектеги башталгыч класстын мугалиминин кесиптик рефлексиясын калыптандыруу болду.

Конференцияны практика жетекчиси Арзыматова В.М. ачып, иш-чаранын максаты жана иш тартиби менен тааныштырды. Ошондой эле окуу-таанышуу практикасынын болочок мугалимдерди кесиптик даярдоодогу мааниси белгиленди.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурундагы байкоолору боюнча баяндамаларын сунушташты. Алар мугалимдин сабак өткөрүүдөгү ишмердүүлүгүн, сабактын негизги этаптарын, натыйжалуу окутуу ыкмаларын жана теория менен практиканын айкалышын талдашты. Мындан тышкары класс жетекчинин иши, тарбиялык иштерди уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу, ошондой эле башталгыч класстын окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрү жана жекече айырмачылыктары тууралуу пикирлер айтылды.

Иш-чаранын алкагында маселелүү-дискуссиялык аянтча уюштурулуп, студенттер өз алдынча сабак өтүүгө даярдыгы, практика учурунда аныкталган кыйынчылыктар жана мектептеги реалдуу жагдайлар боюнча пикир алмашышты.

Рефлексиялык бөлүктө «Мен – келечектеги мугалим» темасы боюнча студенттер өз ойлорун билдирип, практика учурундагы жетишкендиктерин жана мындан аркы кесиптик өнүгүү багыттарын белгилешти