1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Табиятты коргоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз!

Жаз – жандануунун, жаңылануунун жана үмүттүн мезгили. Жаратылыш ойгонуп, айлана-чөйрө жашыл түскө бөлөнгөн ушул керемет убакта колледжибиздин бакчасына арча тиктик.Арча – түбөлүк жашыл болуп, тазалыкты, туруктуулукту жана өмүрдү символдоштурган ыйык дарак. Биздин отургузган арчаларыбыз колледждин аймагын көрктөндүрүп гана тим болбостон, экологияны коргоого да өз салымын кошот. Дарак отургузуу – бул келечек муунга болгон камкордук, табиятка болгон урмат-сый.Бул демилге студенттердин жана окутуучулардын биримдигин, айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилигин көрсөттү. Ар бир тигилген көчөт – таза абага, кооз айланага жана жашыл келечекке жасалган кадам.Жаздын жылуу деми менен башталган бул иш-чара алдыда дагы көптөгөн жашыл долбоорлорго жол ачат деп ишенебиз. Табиятты коргоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз!

Дене тарбия адистигинин студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге бекем ден соолук, спортто ийгиликтер жана окууда жогорку жетишкендиктерди каалайбыз!