1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

3-март Мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата куратордук саат өтүлдү

Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүнө карата БКМк-03-24 жана БКМк-9-24 группаларынта куратордук саат өтүлдү. Кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон — 3-март Мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата куратордук саат өтүлдү.

​Бул майрамдар — биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды жана мамлекеттүүлүгүбүздү даңазалаган маанилүү күндөр. Куратордук сааттын негизги максаты — жаш муунга мекенчилдик сезимди калыптандыруу жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоо. Куратордук саатты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдоо жана тууну салтанаттуу түрдө алып чыгуу менен башталды.

​Студенттер тарабынан даярдалган кыргыз тилиндеги көркөм окуулар, ырлар, Кыргыз Республикасынын туусу жөнүндөгү маалыматтар, кыргыздын маданий мурасы болгон ак калпактын келип чыгышы, анын түрлөрү жана мааниси тууралуу кызыктуу маалыматтарды беришти. Даярдаган : Маматкулова Н.М. В группах БКМк-03-24 и БКМк-9-24 прошли кураторские часы в честь Дня Государственного флага и Дня Ак калпака