1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Мектепке чейинки билим берүү адистигинде  окуу практика учурунда  методикалык жардам

Педагогикалык колледждин мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын  окутуучулары А.К.Кыргызбаева В.А. Галдыбаева  Алмасбек кызы Ж. МЧББб-2-24, МЧББк-2-24 жана МЧББк-01-25 тайпаларынын студенттерине окуу практика учурунда үзгүлтүксүз методикалык колдоо көрсөтүп келишети. Методикалык билим берүүнүн алкагында окутуучулар студенттер менен консультацияларды өткөрүп, сабактарды талдап, сунуш-кеңештерин беришти, студенттердин компетенттүүлүгүн калыптандырууга, өз алдынча иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн ашырууга жана теорияны практика көндүмдөрүн чыңдоого көмөк көрсөтүшүүдө иш багыттары боюнча түшүндүрмө, кеңеш жана практикалык колдоо көрсөтүлдү.

Практиканын жүрүшүндө окутуучулар студенттерге тарбиялык иштин мазмунун пландаштыруу, балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу, сабак жана оюн ишмердүүлүгүн туура уюштуруу боюнча багыт берип, практикалык көндүмдөрүн чыңдоого көмөк көрсөтүшүүдө.

Методикалык жардамдашуунун алкагында: Практика күндөлүгүн туура жана толук толтуруу, балдар менен иштөөдөгү педагогикалык ыкмаларды колдонуу, билим берүү процессинин пландарын түзүү, көрнөктөрдү даярдоо жана колдонуу, тарбиялык иштердин жүрүшүн талдоо жана рефлексия жүргүзүү сыяктуу иш багыттары боюнча түшүндүрмө, кеңеш жана практикалык колдоо көрсөтүлдү.