1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Жаз мезгили менен кошо кирип келген "Аялдардын эл-аралык майрамы"

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин БКМк-02-25 тайпасынын студенттери Окуу-таанышуу практикасында №2 К.Закиров атындагы жалпыбилим берүүчү орто мектебинин 2-а классына бөлүнгөн студенттер Торожанова Аймүрөк жана Турдалиева Жайнагүл тарбиялык сабак өтүп берди. Сабактын темасы  "8-март - жаз майрамы". Сабакта жаз мезгили менен кошо кирип келген Аялдардын эл -аралык күнүнүн келип чыгышы жөнүндө окуучуларга айтып берди. 2-а класстын кыздар балдары хор ырдашып, бийлешип, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап, апаларына жүрөктөн чыккан сөздөрүн арнашты.