1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

22 часа назад

7

Мекенди коргоочулар күнү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин 2-курс студент-практиканттары Мекенди коргоочулар күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүшүүдө

Педагогикалык колледждин 2-курс студент-практиканттары окуу-таанышуу практикасынын алкагында мектептерде тарбиялык жана маданий иш-чараларды активдүү уюштурууда. Алар 23-февраль — Мекенди коргоочулар күнүнө карата ачык тарбиялык сааттарды, майрамдык программаларды жана тематикалык жолугушууларды өткөрүп жатышат.

Иш-чаралардын негизги максаты — окуучуларга мекенчилдик сезимди калыптандыруу, аскер кызматкерлерине болгон урмат-сыйды арттыруу жана тарыхый баалуулуктарды таанытуу. Студенттер интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, презентациялар, сахналаштырылган көрүнүштөр, викториналар жана патриоттук ыр-бий номерлерин даярдашууда.

Мындай практикалык ишмердүүлүк студенттердин педагогикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, тарбиялык иш-чараларды пландоо жана уюштуруу жөндөмдөрүн бекемдөөгө чоң салым кошот. Ошондой эле бул иш-чаралар мектеп окуучулары үчүн мазмундуу жана таасирдүү тарбиялык сааттардын өтүшүнө шарт түзүүдө.

Практиканын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн чыгармачылыгын, демилгелүүлүгүн жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн көрсөтүп, келечектеги мугалим катары тажрыйба топтошууда.