1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

22 часа назад

6

«Мен жана дүйнө» сабагы боюнча ачык сабак жана «5E окутуу модели деген эмне?» 

Педагогикалык колледждин окутуучулары №23 «Таш-Булак» жалпы орто билим берүү мектебинде 5E ыкмасы боюнча ачык сабакка жана семинарга катышышты

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин окутуучулары жана практикадагы студенттери №23 «Таш-Булак» жалпы орто билим берүү мектебинин базасында өткөн методикалык иш-чарага катышышты. Иш сапардын алкагында «Мен жана дүйнө» сабагы боюнча ачык сабак жана «5E окутуу модели деген эмне?» аттуу окутуучу семинар өткөрүлдү.

Семинарды 4 «А» классынын мугалими Тажиходжаева Шоира Эргашевна өткөрүп, 5E модели негизинде сабак уюштуруунун заманбап ыкмасын көрсөттү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар методиканын ар бир этабын — кызыктыруу, изилдөө, түшүндүрүү, бекемдөө жана баалоо — «Кыргызстандын пайдалуу кен байлыктары» темасынын негизинде кеңири талдап чыгышты. Практикалык бөлүк сабактын түзүмүн жамааттык талдоону жана ушул технология боюнча болжолдуу сабак планын түзүүнү камтыды.

Талкууга окутуучулар жана практикадагы студенттер активдүү катышып, сунушталган методиканын окуучулардын изилдөөчүлүк көндүмдөрүн калыптандырууда жана алардын таанып-билүү активдүүлүгүн жогорулатууда практикалык мааниси чоң экенин белгилешти.

Иш-чараны уюштурууну мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басары Чомоева Гулмайрам Токторбековна жана БКО жана КТ ПЦКсынын практика жетекчиси Арзыматова Венера Медетовна камсыз кылышты. Алардын координациясынын аркасында жолугушуу жогорку кесиптик деңгээлде өтүп, педагогикалык тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.

Өткөрүлгөн иш-чара мектеп менен педагогикалык колледждин кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзүп, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүп жаткан болочок мугалимдердин методикалык дүйнөтаанымын кеңейти.