1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

22

«Мекеним — ыйык тирегим»

Манас шаарынын мэриясынын музейинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарылгынын алкагында 23-февраль — “Ата Мекенди коргоочулар” күнүнө карата «Мекеним — ыйык тирегим» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул өсүп келе жаткан жаш муундун, анын ичинде студенттердин жүрөгүндө Ата-Мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу жана өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту болууга үндөө максатында уюштурулду.

 Педагогикалык колледжден ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Осмонова Элиза БКМб-2-25 тайпасынын студенттерин даярдоо менен иш-чарага Жоомарт Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» чыгармасынан үзүндү, сахналык көрүнүш аткарышты. Чыгармада Жетим баланын каармандыгы, элдин амандыгы үчүн өзүн курмандыкка сунуштаган баланын бийик руху жана Мекенди таш дубал эмес, анын намысын талашкан эр азаматтардын кайраты коргой турганы даңазаланды.