1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

Эне тил — улуттун руханий байлыгы.

Бүгүн педагогикалык колледжде ЖББ ПЦКсынын тарых окутуучусу Айдай Кубанычбековна тарабынан Эл аралык эне тил күнү карата БКМ 6-25 тайпасына  мазмундуу ачык тарбиялык саат уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер эне тилдин улуттун руханий байлыгы экендиги, тарыхый өнүгүү жолу жана бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты. Тарбиялык саатта студенттер тарабынан даярдалган көркөм окуулар, чакан баяндамалар, макал-лакаптар жана тил жөнүндө ой-толгоолор сунушталып, иш-чаранын мазмуну дагы да байытылды.

Мындан тышкары, тилди сактоо жана өнүктүрүү ар бир жарандын милдети экендиги баса белгиленип, студенттерди мамлекеттик тилди туура колдонууга, бай сөз казынасын кеңейтүүгө жана маданий мурастарды урматтоого чакырык жасалды. Иш-чара жандуу талкуу жана активдүү катышуу менен өтүп, студенттер үчүн тарбиялык жана билим берүүчүлүк мааниси жогору болду.

Жыйынтыгында катышуучулар мындай иш-чаралар жаштардын патриоттук сезимин күчөтүп, эне тилге болгон сый-урматты арттырарын белгилешти.