1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

Тайпа жетекчилери менен жыйналыш

2026-жылдын 18-февраль күнү педагогикалык колледжинин директору К.Салибаева жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Р.Кушбакова 3-курстун  старосталарына жыйналыш өтүштү.

Жыйналыштын жүрүшүндө студенттердин сабакка катышуусу, 1-жарым жылдыктагы модулдук баалоого катышуусу жана жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берилип, бул маселелер студенттер менен биргеликте талкууланды.

Ошондой эле колледждин ички тартибин сактоо, кийим кийүү маданиятына көңүл буруу, жүрүм-турум адебин жогорулатуу маселелери өзгөчө белгиленди. Студенттерге талыкпай билим алуу, сабактарды үзгүлтүккө учуратпоо, жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Жыйналыштын жыйынтыгында ар бир тайпанын старосталарына студенттердин сабакка үзгүлтүксүз катышуусун камсыз кылуу, тартипти көзөмөлдөө жана маалыматтарды өз убагында жеткирүү милдеттери жүктөлдү.