1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

36

«Афган согушу: тарых, сабак жана бүгүнкү күндүн көз карашы»

Педагогикалык колледжде Ооган согушуна арналган конференция ЖББ ПЦКсынын тарых окутуучулары тарабынан өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге Ооган согушунун тарыхый маанисин терең түшүндүрүү, мекенчилдик сезимин калыптандыруу жана тынчтыктын баалуулугун даңазалоо болду.

Конференциянын биринчи бөлүгүндө тарых окутуучуларынын жетекчилиги астында студенттер даярдаган баяндамалар угулуп, согуштун себептери, жүрүшү жана кесепеттери кеңири талкууланды. Курман болгон жоокерлер эскерилип, алардын эрдиги жана мекен алдындагы кызматы урматтоо менен белгиленди.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү маданий программа менен уланды. Студенттер патриоттук ырларды аткарып, улуттук бийлерди бийлешти. Бул бөлүк конференцияга өзгөчө мазмун берип, катышуучулардын патриоттук сезимин күчөттү.

Конференция жаш муунду тарыхты билүүгө, андан сабак алууга жана келечекте тынчтыкты сактоого үндөгөн маанилүү тарбиялык иш-чара катары жогорку баага ээ болду