1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

29

Тил – улуттун жаны, аны сактоо – биздин жоопкерчилигибиз!

Педагогикалык колледжинде  2026-жылдын 11-февраль күнү  “21-февраль – Эл аралык эне тил күнү” аталышта  куратордук сааттар өтүлдү.

Бүгүнкү тарбиялык саатта кураторлор: М.Төрөбекова, Г.Султанова, М.Досалиева, М.Мамбетова, Ж.Рахманкулова, В.Арзыматова, У.Абдуллаева, Б.Темирбаева, Б.Эрматова, А.Калчакеева, А.Кыргызбаевалар өздөрунүн тайпалары менен куратордук сааттарды  өтүштү.

Эне тил күнүн белгилөөнүн негизги максаты – улуттун тилинин маңызын жана маанисин коомчулукка түшүндүрүү, анын түпкү ордун, тарыхый маанисин урматтоо жана сактоо экендигине токтолушту. Бул күн аркылуу адамдарга эне тилин сактоо, өнүктүрүү жана келечек муунга өткөрүү зарылдыгын түшүндүрүү менен студенттерге кызыктуу кече уюштура алышты.