1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

25

Жатаканада жашаган студенттер менен жолгушуу

Э.Уметов атындагы педагогикалык  колледжинин МТ,социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рахат Кушбакова 2026-жылдын 9-февраль күнү окуу жайдын  жатаканада жашаган студенттери менен жолугушуп  жыйналыш өттү. Жыйналышка Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш  алып баруу инспекциясынын милициянын  улук лейтенанты Дилдебаева Дарыя катышып, эрте никеге туруу, киберкылмыштуулуктуу алдын алуу, баңги заттарды колдонуунун зыяны  жана зордук зомбулукту  алдын алуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүштү. Андан соң  Рахат Кушбакова  жатакананын ички абалы, тазалагы, студенттердин жашоо шарттарын кароо менен студенттерди көбүрөөк  китеп окууга, туура тамактанууга, өз убагында эс алууга үндөп, кеп-кенештерин берди.