1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

29

Педагогикалык колледжде илимий-методикалык мастер-класс өткөрүлдү

Бүгүн Педагогикалык колледжде «12 жылдык билим берүүнүн моделин ишке ашыруунун илимий-методикалык негиздери» темасында илимий-методикалык мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — 12 жылдык билим берүү моделинин теориялык негиздерин, мазмундук багыттарын жана аны билим берүү процессинде ишке ашыруунун методикалык жолдорун илимий негизде талдоо болду.

Мастер-класстын жүрүшүндө компетенттүүлүккө багытталган билим берүү, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү, окутуунун заманбап педагогикалык технологиялары жана баалоо системасындагы өзгөрүүлөр илимий аспектиде каралды. Ошондой эле 12 жылдык билим берүү моделинин улуттук билим берүү стандарттары менен шайкештиги жана практикалык колдонулушу боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын тренери Орозалиева Эльвира Апсаламовна мастер-классты теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу жүргүзүп, актуалдуу педагогикалык мисалдардын негизинде теманын мазмунун терең ачып берди. Катышуучулар илимий талкууга активдүү катышып, өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасынан улам сунуштарын жана көз караштарын билдиришти.

Бул мастер-класс педагогдордун илимий-методикалык даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле келечекте 12 жылдык билим берүү моделин натыйжалуу ишке ашырууга багытталган маанилүү иш-чара катары бааланды.