1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

«Бангиликтин арты – өлүм»

Педагогикалык колледждин МЧББ ПЦКсынын окутуучусу А.К.Кыргызбаева  МЧББк-01-25 тайпасынын куратору  А.К. Кыргызбаева тарабынан «Бангиликтин арты – өкүнүч» деген темада  куратордук саат  өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты студенттердин арасында бангилик (зомбулук, кысым көрсөтүү) көрүнүшүнүн себептерин, анын социалдык-психологиялык кесепеттерин илимий негизде түшүндүрүү жана бул көрүнүштүн адам өмүрүнө тийгизген терс таасирин талдоо болуп саналат.

Куратордук сааттын жүрүшүндө бангилик түшүнүгүнүн маңызы, анын түрлөрү жана пайда болуу факторлору каралды. Ошондой эле бангиликке кабылган адамдын психикалык абалынын өзгөрүшү, депрессия, социалдык обочолонуу жана өзүнө кол салууга чейин алып келиши мүмкүн болгон коркунучтуу кесепеттери тууралуу илимий маалыматтар берилди. Студенттерге адамдын жашоосу эң жогорку баалуулук экендиги, зордук-зомбулукка кайдыгер мамиле кылбоо жана жарандык жоопкерчилик тууралуу түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү. Иш-чара интерактивдүү талкуу менен коштолуп, студенттер өз пикирлерин билдирип, суроолорго жооп алышты.