1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

85

“Жаштар диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясынын жайылышына  каршы” 

2026-жылдын 2-февраль күнү Педагогикалык колледжинде окуу жайдын МТ,социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рахат Шукуровна тайпа старосталары жана тарбиялык секторлор менен биргеликте тегерек стол уюштурду. Терроризмге каршы иш-аракеттердин негизги максаты – экстремисттик идеологиянын жайылышын алдын алуу, жарандарды радикалдуу агымдардын таасиринен коргоо жана коомдо тынчтык менен ынтымакты сактоого үндөө менен түшүндүрүлдү. Радикалдык көз караштарды жайылткан уюмдарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөөрү айтылып лекциялар окулду.

Айрыкча жаштар арасында экстремизмдин алдын алуу үчүн билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл экендиги баса белгиленип, коомдун активдүү катышуусу жана биримдиги терроризмге каршы күрөштүн эң натыйжалуу жолу болуп саналаары айтылды.Педагогикалык колледжине шаршемби күнү бул багытта тарбиялык сааттар уланып,жалпы студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүү боюнча кураторлорго тапшырмалар жүктөлдү.