1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

135

«Эгемендүү Кыргызстандын президенттери: доорлор жана тарыхый чечимдер»

Педагогикалык колледждин БКМб-2-25 тайпасында 1-семестрдин жыйынтыктоочу акыркы сабагы мазмундуу жана өзгөчө форматта өткөрүлдү. Жыйынтыктоочу сабак «Эгемендүү Кыргызстандын президенттери: доорлор жана тарыхый чечимдер» деген актуалдуу темада уюштурулду.

Аталган сабакты педагогикалык колледждин ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Осмонова Э. тарых сабагынан өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарындагы президенттердин башкаруу доорлору, алардын мамлекеттик түзүлүштү калыптандыруудагы орду, коомдук-саясий процесстерге тийгизген таасири жана тарыхый мааниге ээ болгон чечимдери кеңири талдоого алынды.

Студенттер ар бир президенттин ишмердүүлүгүн салыштыруу аркылуу өлкөнүн өнүгүү этаптарын түшүнүп, тарыхый окуяларга сын көз караш менен баа берүүгө үйрөнүштү. Сабак интерактивдүү ыкмалар менен өткөрүлүп, суроо-жооп, пикир алмашуу жана талкуулар аркылуу студенттердин активдүүлүгү жогору болду.

Жыйынтыктоочу сабак студенттердин тарыхый билимин тереңдетүүгө, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга чоң салым кошту. Мындай мазмундуу сабактар билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт