1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

Манас шаарындагы Аймак тануу музейине тарбиялык-таанымдык экскурсия уюштурду. 

Бүгүн педагогикалык колледжде тарых сабагынын алкагында ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Айдай Кубанычбековна БКМ 11-24 тайпасынын студенттери менен Манас шаарындагы Аймак тануу музейине тарбиялык-таанымдык экскурсия уюштурду. Экскурсиянын негизги максаты студенттердин тарых сабагы боюнча алган теориялык билимдерин бекемдөө, аймактын тарыхын тереңирээк өздөштүрүү жана мекенчилдик сезимин өнүктүрүү болду.

Экскурсия учурунда студенттер Манас шаарынын тарыхы, аймактын социалдык-маданий өнүгүүсү, археологиялык жана этнографиялык экспонаттар менен таанышышты. Музей кызматкерлери тарабынан берилген кеңири маалыматтар студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырды.

Мындай иш-чаралар келечекте тарыхый аң-сезими жогору, улуттук баалуулуктарды урматтаган, билимдүү адистерди даярдоодо маанилүү роль ойнойт.