1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

“Биз коррупцияга каршыбыз”

2026-жылдын 27-январь күнү Педагогикалык колледжинде коррупцияга каршы  иш-чара уюштурулду.

Бул  иш-чараны  уюштуруунун максаты – студенттерди жана кызматкерлерди коррупциянын терс кесепеттеринен, анын алдын алуу жолдорунан жана ага каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүндө маалымдуулугун арттыруу болду.Окуу жайда коррупциянын эмне экенин, анын кандай терс таасирлерге алып келээрин жана анын кандай түрлөрү болушу мүмкүн экенин студенттерге түшүндүрүү жүргүзүлдү.Ошондой эле таза билим берүү чөйрөсүн түзүү, анда ар бир студент, окутуучу жана кызматкер өзүнүн күчү менен, алгылыктуу ишин аткарып, жетишкендикке жетээрин талкуулоо болду. Коррупция билим берүү системасына киргенде, ал анын сапатына түздөн-түз таасир этет.Бул иш-чаралардын негизги максаты — билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу, адилеттүү жана ачык коомду тарбиялоо. Бүгүнкү иш чарада окуу жайда билим алып жаткан студенттер тарабынан дардалган видео роликтери көрсөтүлдү.