1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

129

Жусуп Абдрахманов 125 жашта

2026-жылдын 21-январында Педагогикалык колледжи Жалал-Абад облустук китепканасы менен биргеликте Кыргыз АССРинин Комиссалар советинин төрагасы, коомдук саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун элесине арналган “Улуттун улуу инсаны”аталыштагы тематикалык кече уюштурулду. Бул кечеге К.Ш.Токтоматов атындагы эл аралык университетинин философия кафедрасынын профессору Дүйшеев Жеңишбек, жазуучу, КРнын ардак грамотасынын ээси, КРнын өкмөтүнүн сыйлыгынын лауреаты, жети китептин автору Ырысбай Абдураимов жана  Педагогикалык колледжинин БКМ адистиги катышышты.

 Иш-чаранын негизги максаты – жаштарга тарыхый инсандын өмүр жолу, мамлекеттик ишмердүүлүгү жана эли үчүн кылган эмгектерин таанытуу болду.

Кече китепкана кызматкерлеринин куттуктоо сөзү менен ачылып, Жусуп Абдрахмановдун өмүр баяны тууралуу кеңири маалымат берилди. Анын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө кошкон салымы, саясий ишмердүүлүгү жана мекенчилдиги өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле кеченин аягында викторина уюштурулуп, суроо-жооп, талкуу форматындагы бөлүк өткөрүлдү. Биздин студенттер  активдүү катышышып, байгелүү белектер менен сыйланышты. Кече мазмундуу өтүп, жаштардын тарыхка жана улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырды.