1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

81

«Кыргызстан Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында» 

Бүгүн педагогикалык колледжде ЖБББ ПЦКсынын окутуучусу Айдай Кубанычбекова тарабынан БКМ 4-25 тайпасында «Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» темасында ачык сабак болуп өттү.

Сабактын жүрүшүндө Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин эрдиги, фронтто курман болгон жоокерлердин каармандыгы жана тылдагы элдин талыкпаган эмгеги тарыхый фактылар аркылуу кеңири баяндалды. Окутуучу сабакта көргөзмө материалдарды, презентацияларды жана интерактивдүү усулдарды натыйжалуу колдонду.

Билим алуучулар темага чоң кызыгуу менен катышып, активдүү ой-пикирлерин билдиришти. Ачык сабак студенттердин патриоттук тарбиясын чыңдап, тарыхый эс-тутумду сактоонун маанисин дагы бир жолу эске салды.