1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

6

МЧББ адистигинде жыйынтыктоочу конференция болуп өттү

Педагогикалык колледжинин МЧББ адистигинде МЧББб-2-23,  МЧББбк-2-23тайпалары  педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Тайпанын студенттери шаарыбыздагы №18 “ Радуга”, №23 “Билимтай , ЖАМУнун , №1 “Н.К.Крупскан” , №33             « Бермет»,  №3 “Мээрим» ,  №8 ”Теремок”, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 6 жума болуп кайтышкан. Жыйынтыктоочу конференцияда студенттер бала бакчаларда тарбиячылардан  алган тажрыйбаларын, билимин бекемдеген учурларды чагылдырган презентация жасап, жасаган көрсөтмө куралдарын көрсөтүп, отчетторун тапшырыпты.  Ар бир студент кийинки практикага өз сунушун, пикирин билдирип, өзү үчүн жаңылык болгон учуру менен бөлүшүп, конференция жандуу жана кызык өттү. Студенттер  педагогикалык практиканын  отчеттук документтерин өз убагында тапшырышты.