1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

27

Педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү

«Башталгыч класстарды окутуу» адистигинин БКМб-2-23 (9), БКМк-01-03-04-05-24 (11), БКМк-2-3-4-5-6-7-23 (9) тайпаларынын студенттеринин педагогикалык практикасынын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу конференция уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — студенттердин алган тажрыйбасын талдоо, кесиптик компетенцияларын баалоо жана ийгиликтүү иш тажрыйбаларды бөлүшүү болду.

Конференцияда студенттер төмөнкү 4 багыт боюнча иш алып барышты:

• окуу иштери;

• окуу-методикалык иштер;

• тарбиялык иштер жана окуучулар менен иштешүү;

• сабакта санариптик технологияларды колдонуу.

Практика учурунда студенттер сабак иштелмелерин түзүп, сабакка көрсөтмө жана дидактикалык куралдарды даярдап, окуучулар үчүн түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды иштеп чыгып колдонушту. Ошондой эле класс жетекчинин милдеттерин аткарып, окуучулар менен жеке жана топтук иш жүргүзүштү, класстык сааттарды жана тарбиялык иш-чараларды уюштурушту.

Ар бир топ сабак өтүүдөгү жана тарбиялык иштердеги тажрыйбаларын, колдонулган ыкмаларды, жетишкендиктерди жана кездешкен кыйынчылыктарды талкуулашты. Презентациялар сүрөттөр жана кыска видеоматериалдар менен коштолуп, SWOT-анализ жүргүзүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө активдүү окутуу ыкмаларынын, оюн технологияларынын жана санариптик каражаттардын сабактын сапатына жана окуучулардын кызыгуусуна оң таасири белгиленип, практиканы мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар кабыл алынды.

Жыйынтыктоочу конференция студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чара болду.