1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

24

«Кыргыз жараны» концепциясын коомчулукка кеңири таанытуу жана жайылтуу максатында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 25–28-ноябрь күндөрү «Кыргыз жараны» концепциясын коомчулукка кеңири таанытуу жана жайылтуу максатында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Манас шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын, анын ичинде Педагогикалык колледждин тарыхчы окутуучулары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар «Кыргыз жараны» концепциясынын мазмуну, анын коомдук биримдикти чыңдоодогу ролу жана жарандык идентификацияны калыптандыруудагы мааниси тууралуу терең маалымат алышты. Ошондой эле аталган концепцияны билим берүү процессинде колдонуу, студенттер арасында жарандык маданиятты өнүктүрүү жана патриоттук тарбияны күчөтүү боюнча практикалык ыкмалар кеңири талкууланды.

Иш-чара Манас шаарынын мэриясы жана «Абад» коомдук фондунун колдоосу менен жогорку деңгээлде уюштурулду. Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар алынган жаңы методикалык ыкмаларды өз иш тажрыйбасында колдонууга, жаштар арасында жарандык активдүүлүктү арттырууга жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.