1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

17

“Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык байланыштары”

Бүгүн педагогикалык колледжде ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Абдивапова Ж. тарабынан БКМ 7-25 тайпасына “Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык байланыштары” деген темада ачык саат өткөрүлдү.

Ачык сааттын максаты — студенттерди Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги принциптери, багыттары жана эл аралык байланыштардагы ролу менен тааныштырууга багытталган. Сабакта теориялык материал менен катар практикалык тапшырмалар да каралып, студенттердин активдүү катышуусу уюштурулду.

Абдивапова Ж. сабакты диалогдук формада өтүп, студенттерге маселелерди талкуулоо жана алардын сунуштарын анализдөө мүмкүнчүлүгүн берди. Ачык сааттын жүрүшүндө мамлекеттер аралык кызматташтык, эл аралык уюмдардагы катышуу, ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатын ишке ашыруудагы стратегиялык максаттар тууралуу маалыматтар берилди.

Сабактын аягында студенттер өз ойлорун билдирип, суроо-жооп сессиясына катышышты. Ачык сааттын уюштурулушу студенттердин теманы терең түшүнүүсүнө жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган