1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

21

«Ымыркай курак» 

Бүгүн педагогикалык колледжде МЧББ ПЦКнын окутуучусу Айтурган Турдумаматова  МЧББк-2-23 тайпасына  «Ымыркай курак» темасында ачык сабак өттү .

Сабакта ымыркайдын физикалык, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсү талкууланды. Студенттер ымыркайдын мээси, кыймыл аракеттери, эмоциялары жана социалдык көндүмдөрү тууралуу маалымат алышты. Окутуучу мээримдүү мамиленин жана стимулдардын маанисин өзгөчө белгиледи.

Практикалык мисалдар колдонулуп, студенттер активдүү катышып, суроо берип жана жооп алышты. Ачык сабак студенттерге ымыркай курактагы психологиялык өнүгүүнүн маанилүүлүгүн жана келечектеги инсандык касиеттерге тийгизген таасирин жакшы түшүнүүгө жардам берди. Сабакты өткөрүүдө мугалимге методикалык жактан колдоо көрсөтүү талап кылынды. Бул — сабактын пландалышы, практикалык мисалдарды колдонуу ыкмалары, окуу материалдары жана студенттер менен интерактивдүү иштөөнү камтыган методикалык сунуштарды камтыды. Мындай жардам мугалимге сабакты сапаттуу жана натыйжалуу өткөрүүгө көмөктөшөт.