1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

26

«Билим берүү мазмунун камтыган нормативдүү документтер»

Бүгүн педагогикалык колледжде МЧББ ПЦКсынын окутуучусу Алмазбек кызы Жумагул тарабынан МЧББкб-1-25 тайпасына «Билим берүү мазмунун камтыган нормативдүү документтер» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

Ачык сабактын максаты — студенттерге билим берүү тармагындагы негизги нормативдүү-укуктук документтер, алардын мазмуну жана практикалык мааниси тууралуу системалуу маалымат берүү болду.

Сабактын жүрүшүндө мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу пландары, программалар жана башка ченемдик документтер талданып, интерактивдүү ыкмалар колдонулду. Студенттер сабакка активдүү катышышты.

Ошону менен бирге сабакта методикалык жактан айрым кемчиликтер байкалганы белгиленип, аларды жоюу боюнча сунуштар берилди. Бул келечекте сабактардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт