1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

19

«А. Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы» 

Бүгүн педагогикалык колледжде ЖББ ПЦКсынын алкагында окутуучу Торобекова Ч. тарабынан БКМб-2-25 тайпасына «А. Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

Ачык сабактын негизги максаты — студенттерге кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүр жолу, чыгармачылык мурасы жана анын кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу терең маалымат берүү болду.

Сабак учурунда заманбап окутуу ыкмалары колдонулуп, интерактивдүү тапшырмалар, талкуулар жана көркөм чыгармалардан үзүндүлөр менен иш алып барылды. Студенттер активдүү катышып, акындын поэзиясына болгон кызыгууларын арттыра алышты.

Ачык сабак кесиптештер тарабынан оң бааланып, окутуунун сапатын жогорулатууга жана педагогикалык тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү