1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

21

Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган адабий кече

2025-жылдын 24-декабрында Педагогикалык колледжде кыргыз поэзиясынын залкар өкүлү Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган "А.Осмонов — кыргыз адабиятынын жүрөгү жана руханий көтөрүлүшүнүн символу"* аттуу адабий кече өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө акындын өмүрү жана чыгармачылыгы кеңири баяндалып, студенттер тарабынан анын ырлары көркөм окулуп, обондуу чыгармалары аткарылды. Ошондой эле, чыгармаларга талдоо жүргүзүлүп, викториналык суроолорго жооп беришти жана эсселер жазылды.

Адабий кече студенттердин улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, Алыкул Осмоновдун руханий мурасына терең үңүлүүгө шарт түздү.