1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

26

«Педагогикалык такт жана окуучулар менен маданий баарлашуу» 

Бүгүн педагогикалык колледжде БКМ жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Маматкулова Н. эжекебиз «Педагогикалык такт жана окуучулар менен маданий баарлашуу» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

Ачык сабактын негизги максаты — келечектеги педагогдордун кесиптик этикасын калыптандыруу, педагогикалык тактты сактоонун маанисин терең түшүндүрүү жана окуучулар менен маданий, сый-урматка негизделген баарлашууну өнүктүрүү болду.

Сабак интерактивдүү усулдар менен уюштурулуп, теория менен практиканын айкалышында өттү. Катышуучулар темага активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ачык сабак педагогикалык чеберчиликти жогорулатууга багытталып, кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.

Иш-чарага колледждин окутуучулары катышып, сабактын мазмунуна жана уюштурулушуна жогорку баа беришти.