1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

45

"Бала бакчада өткөрүлүүчү көңүл ачуучу кечелеринде музыка залын жасалгалоо"

Б. Осмонов атындагы ЖАМУ илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери үчүн шаардагы √33 "Бермет" жана √ 23 "Билимтай" МЧББМде Жумуш ордунда окутуу программасынын негизинде "Бала бакчада өткөрүлүүчү көңүл ачуучу кечелеринде музыка залын жасалгалоо" деген темада иш алып барылды. Мында студенттер "Жаңы жылдык балаты" кечесинде музыкалык залдын жасалгасы, пайдаланылган каражаттар, ага катышкан каармандар, атрибуттары жөнүндө кенен маалымат алышты. Ошондой эле кечеге түзүлгөн сценарийди түзүүнүн жолдорун үйрөнүштү.