1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

36

Педагогикалык колледжде окуу планын модернизациялоо боюнча тегерек стол өттү

Педагогикалык колледжде  «Негизги базистик билим берүү программасы (НББП) шартында педагогикалык колледждин окуу планын модернизациялоо» темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага базалык мектептердин жетекчилери, иш берүүчүлөр жана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү катышты. Тегерек столдун максаты – педагогикалык колледждин окуу планын НББПга шайкеш келтирүү, иш берүүчүлөрдүн жана бүтүрүүчүлөрдүн пикирлерин угуу, педагогикалык практиканын сапатын жогорулатуу жана окутуунун мазмунун жаңылоо боюнча бирдиктүү чечимдерди кабыл алуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Башталгыч класстарда окутуу адистиги боюнча негизги билим берүү программасы тааныштырылып, окуу пландын түзүлүшү, дисциплиналар, практика түрлөрү жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик компетенциялары боюнча кеңири маалымат берилди. Талкууда мектеп жетекчилери практикант-студенттердин методикалык даярдыгын жогору баалап, ошол эле учурда психологиялык даярдыкты, кеп өстүрүү ишин жана санариптик сабаттуулукту күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле дуалдык билим берүүнүн элементтерин киргизүү, 12 жылдык билим берүү программасы жана «Наристе» 480 сааттык программасы боюнча даярдыкты тереңдетүү боюнча сунуштар айтылды. Жыйынтыгында педагогикалык колледждин окуу планын жана методика дисциплиналарынын жумушчу программаларын НББП, 12 жылдык билим берүү жана «Наристе» программалары менен айкалыштырып жаңылоо боюнча сунуштар кабыл алынды